Загрузка документа…
ИСФАНА ШААРДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
2018-жылдын 26-октябры №5
“Исфана шаар мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча башкы адисинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө”
Исфана шаар мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча башкы адисинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы жөнүндө маалыматты угуп жана талкуулап, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” Мыйзымынын 31-беренесинин 2-бөлүмүнүн 6-пунктуна ылайык Исфана шаардык Кеңешинин V чакырылышынын кезектеги XVIII сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Исфана шаар мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча башкы адисинин жүргүзүп жаткан иштеринин абалы канааттандырарлык деп табылсын. (Маалымат тиркелет)
2. Орун алган кемчиликтерди жоюу жана айтылган сын-сунуштарды аткарууга алуу жагы Исфана шаар мэриясынын жетекчилигине милдеттендирилсин.
3. Ушул токтом шаардык Кеңештин аппаратында каттоодон откорулуп, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу жергиликтуу өз алдынча башкаруу иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча мамлекеттик агенттигинин www.gamsumo.gov.kg сайтына жарыялансын жана Кыргыз Республикасынын Ченемдик укуктук актыларынын мамлекеттик реестрине киргизүү үчүн Баткен облусунун юстиция башкармалыгына жөнөтүлсүн.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Исфана шаардык Кеңешинин муниципалдык менчик, айыл чарба, курулуш, жер, транспорт, коммуникация жана коммуналдык иштери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Б.И. Тагаев |
Исфана шаардык Кенешинин V чакырылышынын 2018-жылдын
26-октябрындагы кезектеги XVIII сессиясынын №5 токтомуна тиркеме.
2018 -жылда айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин атуулдарга ижарага берген жерлердин тогуз айлык ижара акысы 410 500 сомду түзөт, 2018- жылдын тогуз айлыгында ,жалпысынан ижара акы 468500 сом өндүрүлүп алынды.
к/н № | Салык түрү | План 9 ай 2017ж | Факт 9 ай 2017ж | План 9 ай 2018 ж | Факт 9 ай 2018ж | Айырма+/- |
|
сумма | |||||||
1 | ижара МКБФ | 427 200 | 492 700 | 410 500 | 468 500 | 58000 | 114.1 |
|
|
|
|
|
|
|
|
| жыйынтыгы | 427 200 | 492 700 | 427 200 | 492 700 | 65 500 | 114,1 |
- Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлеринин жалпы айдоо аянты 1398 га, анын ичинен: ижарага берилген суулуу айдоо жер аянты – 164 га, кайрак айдоо жер аянты- 917 га, чоп чабынды жер аянты – 232 га, бак-дарактар- 85 га, жалпысынан 297, га экономикалык жактан пайдасыздыгы боюнча,алыстыгы,таштактуулугу боюнча берилген жок.
- Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүү ушул күнгө - 4063га дан эгиндери эгилди. Анын ичинен: 2143 га буудай, 1920 га арпа эгилди. Исфана шаар мэриясынын тарбынан 2018 – жылдын түшумү үчүн кылкандуу дан эгиндерин айдоо, гектарына 2000 сом, дан сепкич менен себүү – 700 сом белгиленген.Комбайн менен оруп жыйноо суулуу жерге-3000-3200 сом, кайрак айдоо жерге-2000-2200сом,чөп оруу суулуу жерге-800-1200 сом, кайрак жерге-800-1000сом,чөп жыйнагыч-700-800, чөп таңгактоо-10-12 сом.
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 64 даана айыл чарба техникалары бар.
Анын ичинен: комбайндар 10 даана, 4 комбайн жаны типтеги, 6 комбайн эски типтеги, дан сепкич(сеялка)-9 даана.
- Жазгы кылкандуу дан эгиндерин эгүүдө жер кыртышын агротехникалык эрежелер менен айдоо, сапаттуу үрөн эгүү жумасына эки жолу көзөмөлгө алынып турулган.
- Айыл чарба багытындагы мамлекеттик фондунун жерлерин ижара мөөнөтү бүткөн жерлер такталып чыгылып. 2018-жылдын 13-мартында мөөнөтү бүткөн жерлерди ижарага берүү боюнча аукцион өткөрүлдү.Жалпы ижарага коюлган жердин аянты 185,45га,Анын ичинен: 25,0 га сугат айдоо, 100,1 га кайрак айдоо жерлер аукционго коюлуп атуулдарга таркатылган. Үй тиричилиги жана жашоо шарты оор үй-бүлөлөргө 24,75 га ,айыл чарба жана үрөнчүлүк кооперативтерине 35,6 га жер бөлүнүп берилген.
Шаар мэриясы боюнча бардыгы болуп 4063 га жерге кылкандуу дан эгиндери эгилген анын ичинен:
-2143 га жерге буудай эгилип ,4130.6 т дан алынган орточо 19.3ц түзгөн.
-1920 га жерге арпа эгилип, 3248.8 т дан алынып,орточо 16,9ц түзгөн.
-186 га жерге дандык жүгөрү эгилип, 1028,58 т дан алынып орточо 55,3 ц түзгөн.
-35 га жерге дандык буурчак эгилип, 31,0 т дан алынып орточо 8,8 ц түзгөн.
-155 га жерге картошка эгилип,2115,75 т алынып орточо 136.5 ц түзгөн.
-140 га жерге жашылча эгилип,2435 т жашылча алынып 183,0 ц түзгөн.
-25 га жерге май өсүмдүктөрү эгилип,18 т май өсүмдүгү алынып 7,2 ц түзгөн.
-150 га жерге мөмө жемиш эгилип, 480 т мөмө жемиш алынып 39,0 ц түзгөн.
-Кесек тоют 12966 т жыйналып алынган,
анын ичинен :- чөп- 7800 тонна,саман – 5166 тонна.
Бирок үлүш жер боюнча чечилбеген маселелер көп.
- Исфана шаар мэриясынын айыл чарба болумуно атуулдар тарабынан жана мекеме уюмдардан келген арыз каттардын саны –298 даана,оозеки түшкөн арыздар 38 ди түзөт.Ар бир арыз жана катка өз убагында жооп берилип, жайында барып көрүп чечилип берилүүдө.
Исфана шаар мэриясынын айыл чарбасы жана жер боюнча башкы адиси: К. Шамшиев