Загрузка документа…
ЛЕНИНПОЛЬ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 15-сентябры № 59
Наматбек айылындагы балдар бакчасынын оюн аянтчасына акча каражатын бөлүү жөнүндө
Ленинполь айылдык Кеңешинин 2017-жылдын 15-сентябрындагы кезексиз сессиясы Наматбек айылындагы балдар бакчасынын оюн аянтчасына акча каражатын бөлүүнү карап чыгып
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Наматбек айылындагы балдар бакчасына бөлүнгөн 158,6 миң сом оюн аянтчасын курчоого бөлүнүп берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Бакай-Ата айыл өкмөтүнүн башчысы Н.Доулбековго жүктөлсүн.
Төрага | Н.Шадыбеков |