Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
депутаттарынын I сессиясы
2017-жылдын 20-февралы № 6-1
Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, базардагы сатылган эт, сүт азыктарынын абалы жөнүндө
Айылдын жашылдандыруу-көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык, канал, өткөөлдөрдүн абалы, базардагы сатылган эт, сүт азыктарынын абалы жөнүндөгү айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун маалыматын угуп жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айылды жашылдандыруу көрктөндүрүү, тазалык иштеринин жүрүшү, арык канал көпүрөлөрдүн абалы боюнча айыл өкмөттүн башчысынын орун басары К.Жапаровдун берген маалыматы эске алынсын.
Базардагы сатылып жаткан эт азыктарынын сапатын текшерип, көзөмөлгө алып туруу Ат-Башы райондук ветеринардык башкармалыктын башчысы А.Мааданбековго тапшырылсын.
Базардагы, соода түйүндөрдөгү сатылып жаткан сүт азыктардын, жер жемиштердин сапатын көзөмөлдөө райондук Санэпид көзөмөлдөө борборунун башкы дарыгери Ж.Токтобековага тапшырылсын.
Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысысынын орун басары К.Жапаровго тапшырылсын.
Төрага | М. Акматалиев |