Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
депутаттарынын I сессиясы
2017-жылдын 16-июну № 6-5
Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы жөнүндө
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жерге жайгаштыруу жана айыл чарбасы боюнча жетектөөчү адиси К. Асаналиев жана жайыт комитетинин төрагасы Ж. Кожобердиев сессияга катышпагандыгына байланыштуу Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
Айылдагы жазгы айдап-себүү, сугат жана көчүп-конуу иштеринин, жайыттын абалы жөнүндөгү маселесин кароо Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кещешинин кийинки сессиясына калтырылсын;
Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн кызматкерлерин сессияга катышуусун камсыз кылуу жана көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго милдеттендирилсин.
Төрага | М. Акматалиев |