Загрузка документа…
АТ-БАШЫ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
депутаттарынын I сессиясы
2017-жылдын 16-июну № 6-7
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндө
Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндөгү (соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо) Ат-Башы айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жер, турак жай, коммуналдык маселелер жана өзгөчө кырдаалдар боюнча башкы адиси Асанкул уулу Рахаттын билдирүүсүн карап жана талкуулап, Ат-Башы айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курулуш, транспорт, өнөр жай, соода-сатык, энергетика, турак жай жана өзгөчө кырдаалдар боюнча иштердин абалы жөнүндөгү (соода-сатык түйүндөрүнүн жайгашуусунун мыйзамдуулугун карап чыгуу, жайгашуунун себебин аныктоо) сессияга сунушталган материал жеткиликтүү дещгээлде даярдалгандыктан кийинки сессияга калтырылсын;
2. Айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине киргизилген маселеге материалды даярдоодо так жана өз деңгээлинде даярдоо жагы айыл өкмөттүн кызматкерлерине эскертилсин;
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөттүн башчысы К. Чоробековго тапшырылсын.
Төрага | М. Акматалиев |