Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-июну № 14/69
Сары-Булак айылдык кеңешинин депутаттары жана туруктуу комиссиялар жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 32-33-беренелерине жана Кыргыз Республикасынын Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө мыйзамынын 15-16 беренелерине ылайык Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айылдык кеңештин туруктуу комиссиялары сессиянын иш планы боюнча маселелерди алдын ала кароо жана даярдоо менен айылдык кеңештин сессиясынын күн тартибине сунуштоо, ошондой эле айылдык кеңештин чечимдерин ишке ашырууга катышуу жагы туруктуу комиссиялардын төрагаларына милдеттендирилсин.
2. Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин депутатттары шайлоочулардын алдында айылдык кеңештин иши жөнүндө мезгил-мезгили менен, бирок жылына бир жолудан кемитпей отчет беришсин.
3. Айылдык кеңештин депутаттардын отчет үчүн зарыл болгон маалымат жана кабар материалары менен өз убагында камсыз айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы К.Элтуйбасовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |