Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын XVII сессиясынын
2018-жылдын 11-октябры № 17/77
Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтү боюнча жергиликтүү салыктын аткарылышы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө ылайык жергиликтүү салык пландарынын 2018-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча баардык салыктардын түрлөрү боюнча план 1108,9 сом, аткарылганы 1182,9 сомго же 106,6% аткарылгандыгы жөнүндө айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А.Майлыбашеванын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1.Жергиликтүү салык пландарынын 2018-жылдын тогуз айлыгынын аткарылышы боюнча киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А.Майлыбашеванын маалыматы канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Салык төлөөчүлөр менен такай байланышта иш жүргүзүү айыл өкмөтүнүн киреше, экономика жана статистика боюнча жетектөөчү адис А. Майлыбашевага милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |