Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын XVII сессиясы
2018-жылдын 11-октябры № 17/78
Жыл башындагы бекитилген акча каражатын которуп пайдаланууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө мыйзамынын 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 2-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 2-бөлүмчөсүнө Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңешинин 16-январь 2018-жылдагы кезектеги XII сессиясында бош калган каражаттан ар кандай долбоорлорго каралган 108,0 сомдон Айыл өкмөтүнө генаратор алганга 20,0 сом, Айыл аймагынын аймагындагы жолбун иттерди атууга 10,0 сом, Айыл өкмөтүнүн муниципалдык имараттарын камсыздандыруу жана күбөлүк алууга 35,0сом, Мектептерге спорттук эмеректерди алууга 20,0 сом, “Наристе Ак-Кыя” бала бакчасына жылыткыч алууга 5,0 сом, Айылдык китепканаларга китеп алууга 6,0 сом, Ү.Бейшеев атындагы орто мектепке жылыткыч алууга 5,0 сом, Шамен атындагы орто мектепке жылыткыч алууга 5,0 сом, Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын Союзуна мүчөлүк акыга которууга 2,0 сомго макулдук берүү жөнүндө айыл өкмөтүнүн финансы экономикалык бөлүмүнүн бөлүм башчысы Н.Курмановдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жыл башында бош калган каражаттан ар кандай долбоорлорго каралган 108,0 сомдон төмөдөгү статяларга
2215-Айыл өкмөтүнө генаратор алганга 20,0 сом;
2215-Айыл аймагынын аймагындагы жолбун иттерди атууга 10,0 сом;
2215-Айыл өкмөтүнүн муниципалдык имараттарын камсыздандыруу жана күбөлүк алууга 35,0 сом;
2215-Мектептерге спорттук эмеректерди алууга 20,0 сом;
2215-Айылдык китепканаларга китеп алууга 6,0 сом;
2215-“Наристе Ак-Кыя” бала бакчасына жылыткыч алууга 5,0 сом;
2215-Ү.Бейшеев атындагы орто мектепке жылыткыч алууга 5,0 сом;
2215-Шамен атындагы орто мектепке жылыткыч алууга 5,0 сом;
2215-Кыргыз Республикасынын жергиликтүү өз алдынча башкаруулардын
Союзуна мүчөлүк акыга 2,0 сомду которуп пайдаланууга макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы Сары-Булак айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |