Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын XVII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 18/80
Шамен атындагы орто мектебинин директорунун маалыматы жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык Сары-Булак айылындагы Шамен атындагы орто мектебинде 2017-2018-окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Э.Кубатбек кызынын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Мектептин 2017-2018- окуу жылдарында жүргүзгөн иштери жана жаңы окуу жылына даярдыгы жөнүндө мектептин директору Э.Кубатбек кызынын маалыматы канааттандыраарылык деп табылсын.
2. Мектептин окуу, тарбия иштерин жүргүзүүдө ички эмгек тартибин сактоону, билим берүүнүн жаңы багыттарын колдонуу менен окуучуларга татыктуу тарбия, билим берүүнү камсыз кылуу жагына көзөмөлдүктү күчөтүү жагы мектептин директору Э.Кубатбек кызына милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл аймагынын айылдыкКеңешинин мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |