Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын XVII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 18/83
К. Соодаев атындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун жыл ичинде жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 2-бөлүгүнүн 6-бөлүкчөсүнө жана Сары-Булак айылдык Кеңешинин регламентинин 2-бөлүмүнүн 6-бөлүмчөсүнө ылайык калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыя айылындагы К.Соодаев атындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу С.Айманованын маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Калктын саламаттыгын сактоодо жүргүзүп жаткан иштери жөнүндө Ак-Кыяайылындагы К. Соодаев атындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу С.Айманованын маалыматты канааттандыраарлык деп табылсын.
2. Ак-Кыя айылындагы К. Соодаев атындагы № 9 үй-бүлөлүк дарыгерлер тобунун башчысынын милдетин аткаруучу С.Аймановга айыл элин сапаттуу тейлөө, социалдык ооруулардын алдын алуу, каттоодо турган жарандардын ал абалын өз убагында билип туруу, рецеп менен бериле турган дары-дармектер менен үзгүлтүксүз камсыз кылуу менен медициналык биринчи жардамды өз учурунда көрсөтүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы мыйзамдуулукту, укук тартибин сактоо, жарандардын укугун жана кызыкчылыгын коргоо, архитектура, курулуш, таранспорт жана экология, жаштар, спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |