Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын XVII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 18/85
«Джаунг Хва Майнинг Ак-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомунун кайрылуусун кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине ылайык «Джаунг Хва Майнинг Ак-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомунун «Ак-Таш» карьеринде доломитти иштеттүүгө керектелүүчү жабдыктарын дробилка орнотууга, техникаларды жайгаштырууга жана жумушчулар жата турган турак жай куруу үчүн карьерге жакын жерден 0,35га жер аянтын мыйзамдаштырып берүүнү сураган кайрылуу каты жөнүндө айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. «Джаунг Хва Майнинг Ак-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомуна «Ак-Таш» карьеринде доломитти иштеттүүгө керектелүүчү жабдыктарын дробилка орнотууга, техникаларды жайгаштырууга жана жумушчулар жата турган турак жай куруу үчүн карьерге жакын жерден 0,35га жер тилкесин берүүгө макулдук берилсин.
2. «Джаунг Хва Майнинг Ак-Таш» жоопкерчилиги чектелген коомуна «Ак-Таш» карьерине жакын өзгөчө баалуу айыл чарба жерлеринен жана өзгөчө корголуучу жаратылыш аймактарынан тышкары, жер тилкесинен Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берүү жагы Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Макишовго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айылдык Кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарбасы, инвестиция, ишкердик иш жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |