Загрузка документа…
САРЫ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI чакырылышынын XVII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 18/86
Жайыт пайдалануучулардын бирикмесинин кайрылуу катын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү өз алдынча башкаруу жөнүндө” мыйзамынын 36-беренесине жана 31-беренесинин 4-бөлүгүнүн 5-бөлүкчөсүнө жана Кыргыз Республикасынын 2009-жылдын 26-январындагы № 30 “Жайыттар жөнүндө” мыйзамынын 6-беренесини жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2013-жылдын 13-сентябрындагы № 515токтому менен бекитилген «Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүүнүн тартиби жөнүндө жобого ылайык жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовдун маалыматын угуп жана талкуулап Сары-Булак айыл аймагынын айылдык Кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Сары-Булак айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Жылга учаскасындагы жайытты чөп чабынды кылып пайдалануу үчүн айыл өкмөтүндө каттоодо турган жарандарга гектарын 500 сомдон жана катттодо жок жарандарга гектарын 1000 сомдон берилсин.
2. Кара-Жылга учаскасындагы жайытты жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тиешелүү аймакта жашаган калктын кызыкчылыктарын эске алуу менен ачык-айкын жүргүзүү менен жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү жөнүндө келишимге ылайык берүү жагы жайыт комитетинин төрагасы Ы.Элтуйбасовго тапшырылсын.
3. Жайыт ресурстарын мал жаюу менен байланышпаган башка максаттарга пайдалануу укугун берүү тартибинин сакталышын контролдо айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Макишовго милдеттендирилсин
Төрага | Т. Жумамүдүн уулу |