Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № 85/ХIII -27
Буденовка орто мектебинин, “Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жана айыл өкмөтүнүн имаратынын терезе-эшиктерин эсептен чыгаруу жөнүндө
Каржы жана финансы боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В. Гарбузняктын Буденовка орто мектебинин, “Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жана айыл өкмөтүнүн имаратынын терезе-эшиктери эскилиги жетип, жаңы терезе эшиктерге алмаштырылгандыгына байланыштуу, эски терезе эшиктерди актынын негизинде эсептен (списание болсун) чыгаруу жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Буденовка орто мектебинин, “Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин жана айыл өкмөтүнүн имаратынын терезе-эшиктери эскилиги жеткендигине байланыштуу, актынын негизинде эсептен (списание болсун) чыгарылсын.
2. Бул токтомду аткаруу бюджет жана каржы боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөөнү өзүмө калтырам.
Төрага | А. Албекенов |