Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № 87/ХIII -27
Видео көзөмөл аппаратын орнотуу жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун Кыргыз Республикасынын Чүй областынын Ысык-Ата районунун ички иштер бөлүмүнүн 19.09.2018-жылдагы “22-1/3528 кайрылуусуна ылайык, жол транспорттук кырсыктарды жана кылмыштуулукту алдын алуу максатында айыл аймагына видео көзөмөл аппаратын орнотуу керек экендиги жөнүндө сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл аймагындагы борбордук трассада жайгашкан ар бир жеке ишкерге өзүнө тиешелүү аймагына видео көзөмөл аппаратын орнотуу милдеттендирилсин.
2. Бул токтомду аткаруу башкы адис С. Адиковго жүктөлсүн.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагын өзүмө калтырам.
Төрага | А. Албекенов |