Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 25-сентябры № 89/ХIII -27
Чөп чабылуучу жерлердин (сенокос) баштапкы ижара акысын бекитүү жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн башчысы Э. Керимкуловдун айыл аймагына тиешелүү 32 га чөп чабык жеринин (сенокостун) 3 гектары айыл чарба жерлеринин мамлекеттик фондунун жери ( ГФРСУ) деп катталып, 29 гектар болсо эч жерде катталбай жайыт комитети тарабынан ижарага берилип жатканын. Ал эми калган 3 гектар сенокосту ижарага берүү керек экендигин жана ижаранын алгачкы баасы 500 сом болсун деген сунушун угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагына караштуу Ысык-Ата өрөөнүндөгү Бел Булак участогундагы чөп чабылуучу жерлердин (сенокос) баштапкы ижара акысы 1 гектарына 500 сом болуп бекитилсин.
2. Токтомду аткаруу жагы жер боюнча башкы адис С. Адиковго милдеттендирилсин
3. Токтомду көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
Төрага | А. Албекенов |