Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 29-сентябры № 48/VIII-27
Кыргыз Республикасында жергиликтүү жамааттарга, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына ж. б. и биргеликте жергиликтүү маанидеги көйгөйлүү маселелерди чечүү максатында Жамааттарды өнүктүрүү жана инвестициялоо агенттиги инвестиция менен каржылап, айыл калкынын социалдык-экономикалык деңгээлин жогорулатууда. Ал эми Кочкорбаев айыл өкмөтү 2017-жылдын 9 айынын жыйынтыгы менен планды 116,6 % га аткаргандыгына байланыштуу, Кочкорбаев айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине Жааматтарды өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинин “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында атайын техника (дөңгөлөктүү трактордун базасындагы фронталдык жүктөгүч) алуу үчүн кошо каржылоо көрсөтүүсүн (софинансирование) угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кочкорбаев айыл аймагындагы жайыт пайдалануучулар бирикмесине Жааматтарды өнүктүрүү жана инвестициялоо (АРИС) агенттигинин “Жайыттарды жана мал чарбасын башкарууну жакшыртуу” долбоорунун алкагында атайын техника (дөңгөлөктүү трактордун базасындагы фронталдык жүктөгүч) алуу үчүн 24.03.2017-жылдагы алкактык макулдашуунун негизинде айыл өкмөтүнүн бюджетинен жалпы наркынын 25% (софинансирование) кошо каржылоо үчүн акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. “Бел-Булак” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин чогулткан жайыт акысы 01.01.2018-жылдан баштап, Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн аккумуляциялык счетуна түшсүн.
3. “Бел-Булак” жайыт пайдалануучулар бирикмесинин жайыт акысын жергиликтүү бюджетке түшүрүү жайыт пайдалануучулар бирикмесинин төрагасы Р. Качкинбаевге милдеттендирилсин.
4. Жайыт акысынын жергиликтүү бюджетке түшүп жаткандыгын көзөмөлдөө айыл өкмөтүнүн каржы бөлүмүнүн башчысы Д. Эгемкуловага милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө ревизиондук комиссиянын төрагасы В.Гарбузнякка жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |