Загрузка документа…
КОЧКОРБАЕВ АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2017-жылдын 19-декабры № 54/VIII-27
Түрткү берүүчү грантка долбоор жазуу үчүн жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо жөнүндө
Кочкорбаев айыл өкмөтүнүн мамлекеттик сатып алуулар жарна инвестиция тартуу боюнча башкы адиси Ч. Бейшекееванын: 2018-жылга карата Кочкорбаев атындагы мурдагы колхоздун конторасын айыл өкмөтүнүн имараты кылуу үчүн толугу менен оңдоо ишине -3,0 млн. сом жана “Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын калган жарым иштебеген бөлүгүнө 6 группа ачуу үчүн -3,0 млн. сомго түрткү берүүчү грантка долбоор жазып жана долбоорлорду аткаруу үчүн жалпы наркынын 30 пайызын жергиликтүү бюджеттен кошо каржылоо талап кылынаарын угуп жана талкуулап,
Кочкорбаев айылдык Кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. 2018-жылга карата Кочкорбаев атындагы мурдагы колхоздун конторасын айыл өкмөтүнүн имараты кылуу үчүн толугу менен оңдоо ишине жана “Нур-Наристе” мектепке чейинки билим берүү мекемесинин имаратынын калган жарым иштебеген бөлүгүнө 6 группа ачуу үчүн түрткү берүүчү грантка жалпы наркынын 30 пайызын кошо каржылоо үчүн (софинансирование) жергиликтүү бюджеттен акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул долбоорду ишке ашыруу мамлекеттик сатып алуулар жана инвестиция тартуу боюнча башкы адис Ч. Бейшекеевага милдеттендирилсин.
3. Токтомду көзөмөлдөө жагы каржы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиянын төрагасы В. Гарбузнякка жүктөлсүн.
Төрага | А. Албекенов |