Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 5-февралы № 42
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак айылынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча балдар бакчасын ачуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак айылдарынын тургундарынын учурдагы муктаждык талабы боюнча арыздарын карап жана 2017-жылдын 22-майындагы жалпы элдик жыйындын №1 протоколу менен таанышып, айыл башчынын жана айылдык кеңештин депутаттарынын маалыматтарын угуп жана талкуулап чыгып, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айылдарынын көптөгөн үй-бүлөөлөрдүн муктаждыктарын чечүү максатында балдар бакчасын уюштуруу боюнча жалпы элдик чогулуштун токтому бекитилсин. Дөң-Булак айылында 60 орундуу (2 тайпага ылайык) балдар бакчасы ачылсын.
2. “Жыргалай” балдар бакчасынын жетекчиси болуп Айтиева Дамира Амангелдиевна бекитилсин.
3. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановдон балдар бакчасынын ремонтун, электр энергиясы, көмүр менен каржылоо жагы милдеттендирилсин.
4. Суралсын райондук билим берүү бөлүмүнө, сан.эпидстанция, өрт коопсуздугу, жаратылышты коргоо бөлүмдөрүнөн талапка ылайык бүтүмдөрдү чыгарып берүү жагы.
5. Балдар бакчасынын стабилдүү иштеп кетиши үчүн эмгек акысын мамлекеттик бюджеттин эсебине киргизип берүү жагы райондук каржы бөлүмүнөн суралсын.
6. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |