Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XIII - сессиясы
2018-жылдын 5-февралы № 43
Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерлерди көрсөтүү жөнүндө
“Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары жөнүндө” Кыргыз Республикасынын 19 статьясынын 1 беренесине, Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын 2011-жылдын 18-октябрындагы №375 токтому менен бекитилген “Шайлоо комиссияларынын резервин түзүү жана жүргүзүү тартиби жөнүндө” Жобого ылайык Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча Борбордук комиссиясынын Өзгөн аймактык шайлоо комиссиясынын курамына талапкерликке Токтахунова Алима жана Мырзаев Яшнар сунушталсын.
2. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы жооптуу катчы К.Ибрагимовага жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |