Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XIII - сессиясы
2018-жылдын 5-февралы № 44
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджетин бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жайыттар жөнүндө” мыйзамына ылайык жайыт комитетинин бюджетин, айыл өкмөтүнүн аймагындагы шарттуу малдардынбаасын бекитип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бюджети бекитилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы шартуу малдардын баасы:
- Бодо мал – 100 сом;
- Торпок - 70 сом;
- Жылкы - 100 сом;
- Кой-эчки - 20 сом;
- Бал челек - 20 сомдон бекитилсин.
3. Жайыт комитетинин менчигинде турган ДЕУ Матиз гос. №06 KG 392 ААВ номерлүү автоунаасы кызматтык автоунаа катары колдонууга берилсин.
4. АРИС уюмуна айыл өкмөтү тарабынан атайын техника үчүн берилүүчү 1 млн 744 миң сом өздүк салым бөлүнүп берилсин. Чар-Таш участкасындагыкөпүрөөнү ремонттоого жамааттардын айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин акысыз эмгек жана материалдар түрүндө салымы 130 миң сом бекитилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |