Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XIII - сессиясы
2018-жылдын 8-февралы № 46
Дөң-Булак айыл өкмөтүндө 2018-жылдын январь айында “Ибадат чоң эне” балдар бакчасынын тамак аш жана башка керектөөлөрүнө жумшалуучу ата-энелерден түшкөн акча каражатынын лимитин кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүндө 2018-жылдын январь айында “Ибадат чоң эне” балдар бакчасы ачылып, анда 60 бала тарбияланып жатат. Аларга тамак аш жана башка керектөөлөрүнө жумшалуучу ата-энелерден түшкөн акча каражаты 2018-жылга карата 432,0 миң сомду түзөт. Ошол себептен тамак аш жана башка керектөөлөрүнө лимитти кайра карап берүү жагын чечүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы “Ибадат чоң эне” балдар бакчасынын тамак аш жана башка керектөөлөрүнө лимитти кайра карап кошуп берүү жагы Кыргыз Республикасынын Каржы министрлигинен суралсын.
2. Каралган акча каражатына кошумча смета түзүлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | П.А.Эсеналиев |