Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XIII - сессиясы
2018-жылдын 29-марты № 48
Өзгөн райондук прокуратурасы тарабынан жөнөтүлгөн 2018-жылдын 27-мартындагы № 11-694-18 сандуу каршылык билдирүүсүн кароо жөнүндө
Өзгөн райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2018-жылдын 27-мартындагы № 11-694-18 сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Өзгөн райондук прокуратурасынын 2018-жылдын 27-мартындагы № 11-694-18 сандуу каршылык билдирүүсү аткарууга алынсын.
2. Дөң-Булак айылдык кеңешинин 2017-жылдын 22-ноябрындагы Дөң-Булак-1 айылынын тургуну Б.Нурматовго 0,51 га жер аянтын өздөштүрүп, бак-дарак эгип, жашылдандырууга убактылуу пайдалануу үчүн чыккан №33 токтому Өзгөн райондук прокуратурасынан жөнөтүлгөн 2018-жылдын 27-мартындагы № 11-694-18сандуу каршылык билдирүүсүнүн негизинде жокко чыгарылсын.
3. Айыл өкмөтүнөн чыккан токтом, буйруктардын мыйзамдуулугун көзөмөлдөө жагы юрист Э.Полотбековго милдеттендирилсин.
Төрага | П.А.Эсеналиев |