Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XV- сессиясы
2018-жылдын 29-марты № 51
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн, жайыт комитетинин 2018-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн, жайыт комитетинин 2018-жылдын 1-январына карата 2017-жылдын бюджетине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 32,3 (Отуз эки миң үч жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан пайдалануу максатында аткарыла турган жумуштардын арасынан:
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине Каргаша көпүрөсүнүн курулуш жумуштарына 17670 сом, ал эми калган 14630 сом айлык маянага жана социалдык чегерүүлөргө талап кылынат. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетине Каргаша көпүрөсүнүн курулуш жумуштарына 17670 сом, ал эми калган 14630 сом айлык маянага жана социалдык чегерүүлөргө жогорудагы жумушту ишке ашыруу максатында айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин бош (свабодный остаток) калган калдыктын эсебинен Жайыт комитети бөлүмүнүн 2215 статьясына 32,3 миң сом, Финансы Министрлигинен лимит суралып, жайыт комитетинин эсебине которулуп , аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |