Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XV - сессиясы
2018-жылдын 29-марты № 52
Бахмал-1 участкасында (Бабаш уулу айылынын үстүндөгү) жайгашкан мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу, ошол эле жердеги бош жаткан айыл чарбасына ыңгайсыз 1,0 га жер аянтын мүрзө катары пайдаланууга бекитип берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жер кодексинин” 767-беренесининн 1-2 бөлүмдөрүнө ылайык, Төөлөс, Бабаш уулу жана Карадарыя айыл тургундарынын Бахмал-1 участкасында (Бабаш уулу айылынын үстүндөгү) жайгашкан мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу, ошол эле жердеги бош жаткан айыл чарбасына ыңгайсыз 1,0 га жер аянтын мүрзө катары пайдаланууга бекитипберүү жөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айылдык кеңешинин Бахмал-1 участкасында (Бабаш уулу айылынын үстүндөгү) жайгашкан мүрзө толуп калгандыгына байланыштуу, ошол эле жердеги бош жаткан 1,0 га айыл чарбасына ыңгайсыз жерди мүрзө катары пайдаланууга бекитипберүү жөнүндөгү сунушу жактырылсын.
2. Суралсын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысынан мыйзамдуу жагын карап, тиешелүү ишканалардан корутунду, аныктамаларды алып, жер аянтын бектип берүү жагы.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |