Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XIII - сессиясы
2018-жылдын 29-марты № 53
Дөң-Булак айыл өкмөтнүнүн 2017-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылдын 1-январына карата 2017- жылдын бюджетине атайын каражат эсебине каралган чыгаша бөлүгүн сарамжалдуу пайдалангандыктан жана белгиленген тапшырмадан киреше бөлүгүн ашыкча аткарылгандыгынын натыйжасында бош (свабодный остаток) 309,5 (Үч жүз тогузмиңбеш жүз) сом акча каражаты калган, жогорудагы акча каражатынан, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Ниет” балдар бакчасынын ата-энелерден топтолгон акча каражатынын ичинен 2017-жылга карата 88,1 (Сексен сегиз миң бир жүз) сом акча кражаты үнөмдөлүп калган. Ошол акча кражатын “Ак-Ниет” балдар бакчасынын жетекчисинин кайрылуусунун негизинде балдар бакчасына керектүү айыл чарба буюмдарын жана тазалык үчүн керкетелүүчү (самын, мила, айна, талетная бумага, салфетка, хлор, лампочка, тряпка жана кенулярдык товар ж.б.у.с.) товарларды алуу үчүн жергиликтүү бюджеттин атайын каражат эсебинен акча каражатын бөлүп берүү максатында, Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78, мыйзамынын, “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу “Ак-Ниет” балдар бакчасына керектелүүчү бюумдарды алуу үчүн бош (свабодный остаток) калган атайын каражат калдыктын эсебинен бала-бакча бөлүмүнүн 2222 статьясына 88,1 миң сом каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |