Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XV- сессиясы
2018-жылдын 29-марты № 55
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-Алма участкасындагы № 388 контурундагы 0,30 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 83/16 19.10.2015- жылкы градоузелдик планын бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-Алма участкасындагы № 388 контурундагы 0,30 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 83/16 19.10.2015- жылкы градоузелдик планын бекитип беруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Илим изилдөө жана шаар куруунун түштүк региондук бөлүмү тарабынан Жоо-Алма участкасындагы № 388 контурундагы 0,30 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 83/16 19.10.2015- жылкы башкы планы бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, убактылуу капиталдык эмес жеңил конуструкция жолу менен соода түйүнүн орнотуу үчүн мыйзам негизинде иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |