Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезектеги XV- сессиясы
2018-жылдын 29-марты № 56
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Абад айылындагы Тамеки сарайынын алдындагы жер аянтына айылдык комитеттинин башчысына жана элдерди тейлөө максатында имарат куруу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Абад айылындагы Тамеки сарайынын алдындагы жер аянтына айылдык комитеттинин башчысына жана элдерди тейлөөмаксатында имарат куруу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттого алуу жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомун жетекчиликке алып Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жаны-Абад айылындагы Тамеки сарайынын алдындагы жер аянтына айылдык комитеттинин башчысына жана элдерди телөө максатында имарат куруу үчүн 600 м.кв. жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттого алынсын.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, муниципалдык менчигине каттого алуу жана мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |