Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 07-майы № 58
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну Раимжанов Абдыкаимга материалдык жардам берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну Раимжанов Абдыкаим 1958-жылы туулган. Учурда 1-топтогу майып, эки буту жок, турмуш шарты оор болгондуктан, дарыланганга каражаты жетпей жаткандыктан жардам сурап жазган арызын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Чымбай айылынын тургуну Раимжанов Абдыкаимга айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге жеңилдик эсебинен 20,0 (жыйырма)миң сом акча каражатын бөлүп берүү жагы сунушталсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |