Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XVI- сессиясы
2018-жылдын 07-майы № 60
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-Алма айылындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттоого алуу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-Алма айылындагы жер аянтын айыл өкмөтүнүнмуниципалдык менчигинде турган 1,50 га жер аянтын Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы № 571 токтомун негизинде айыл өкмөтүнө каттого алуу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Жоо-Алма айылындагы 0,30 га жер аянты айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине каттого алынсын.
2. Жер аянтына керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |