Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XVI- сессиясы
2018-жылдын 07-майы № 62
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетине кошумча өзгөртүү киргизүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн 2018-жылга карата бекитилген бюджети боюнча жумуштар ммалекеттик сатып алуулар порталы боюнча конкурстар өткөрүлүп, айыл өкмөтүнүн эсебинде үнөмдөлүп, үнөмдөлгөн акча каражатын билим берүү бөлүмүнүн 2222 беренесинде 76001 сомду түзгөн. Дөң-булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал орто мектебин асык тамак аш даярдоочу жабдыктар менен камсыз кылууүчүн Мерсико МакГоверн-Доулдун “Билим үчүн азык” 2018-2021 жаңы программасы менен келишим түзүлгөн. Аталган жумушту аткартуу максатында Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Бахмал орто мектебине үнөмдөлүп калган калдыктын эсебинен билим берүү бөлүмүнүн 2222 статьясынан 67 560 сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |