Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XVI- сессиясы
2018-жылдын 07-майы № 63
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин жылытуу системаларын оңдоо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин жылытуу системалары жараксыз болгондуктан, айыл өкмөтүнүн бюджетинин тартыштыгына байланыштуу Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги жогорудагы абалды чечип берүү үчүн 2 000,0 (эки миллион) сом акча каражатын бөлүп берген. Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, жогорудагы акча каражатын Г.С.Титов орто мектебинин жылытуу системаларын оңдоого жумшоо максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин жылытуу системаларын оңдоо үчүн билим берүү бөлүмүнүн 3111 беренесинен 2000,0 (эки миллион) сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.
Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |