Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XVIII- сессиясы
2018-жылдын 06-июлу № 65
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн HOWO самосвал автомашинасын жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүү жана кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн балансына катталган 25 тонналык HOWO самосвал автомашинасын Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүү жана кызмат көрсөтүү тарифин бекитип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн №6 реестр менен №8 инвентарь болуп балансына катталган мамлекеттик №06 KG 636 АС 25 тонналык HOWO самосвал автомашинасы Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн жайыт комитетинин оперативдүү башкаруусуна өткөрүлүп берилсин.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн №6 реестр менен №8 инвентарь болуп балансына катталган мамлекеттик №06 KG 636 АС 25 тонналык HOWO самосвал автомашинасынын кызмат көрсөтүү тарифи көрсөтүлгөн баалар боюнча бекитилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |