Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XVI- сессиясы
2018-жылдын 07-августу № 67
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак участкасына “Яма беккер” өлүмтүктөрдү залалсыздандыруучу чуңкурча куруу жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагында эпизоотиялык абалды туруктуу кармоо үчүнДөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак участкасына “Яма беккерге” жандыктардын өлүмтүктөрн залалсыздандыруучу чуңкурча куруу жөнүндөгү маселени угуп жана талкуулап,Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Ак-Булак участкасына “Яма беккерге” жандыктардын өлүмтүктөрүн залалсыздандыруучу чуңкурча куруу үчүн айыл чарбасына жараксыз жерден 90 кв.м. жер тилкесин бөлүп берүү жагы суралсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысы Э.Султановко жер тилкесине тиешелүү иш кагаздарын даярдап берүү жагы сунушталсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кенештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |