Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XX - сессиясы
2018-жылдын 29-августу № 68
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак айылындагы № 33 контурундагы 0,60 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 46/18 02.07.2018- жылкы башкы планын бекитип берүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Дөң-Булак айылындагы № 33 контурундагы 0,60 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 46/18 02.07.2018- жылкы башкы планын бекитип берүү максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Кыргыз Илим изилдөө жана шаар куруунун түштүк региондук бөлүмү тарабынан Дөң-Булак айылындагы № 33 контурундагы 0,60 га жер участогуна түзүлгөн шифр № 46/18 02.07.2018- жылкы башкы планы бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын контурлар боюнча тактап, турак жай салуу үчүн мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгынан суралсын.
3. Ажыратылган жер аянтына жер участокторунун иш кагаздарын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасынан суралсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы экономикалык агрардык саясат жана коммуналдык менчик боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |