Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XX - сессиясы
2018-жылдын 29-августу № 69
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин ашканасынын курулушун толук бүтүрүү жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин жылытуу системаларына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2 000,0 (эки миллион) сом акча каражаты бөлүнүп, ал жумуштан үнөмдөлгөн акча каражатын аталган мектептин ашканасын толук бүтүрүү максатында Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин ашканасынын курулушун толук кандуу бүтүрүү үчүн билим берүү бөлүмүнүн 3111 беренесинен309 581 (309 миң беш жүз сексен бир) сом акча каражаты каралып, аткарууга алынсын.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |