Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XX - сессиясы
2018-жылдын 29-августу № 72
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-2 айылындагы жаңы бүткөрүлгөн “Жыргалай” балдар бакчасына балдар үчүн эмеректерди сатып алуу жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 1998-жылдын 11-июну № 78 мыйзамынын “Чыгымдардан ашкан кирешелерди пайдалануу боюнча мамлекеттик бийлик жана жергиликтүүөз алдынча башкаруу органдарынын ыйгарым укуктарынын” 17-беренесине ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титов орто мектебинин жылытуу системаларына Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги тарабынан 2 000,0 (эки миллион) сом акча каражаты бөлүнүп, ал жумуштан үнөмдөлгөн акча каражатынан Дөң-Булак-2 айылындагы жаңы бүткөрүлгөн “Жыргалай” балдар бакчасына балдар үчүн эмеректерди сатып алуу, Бөксө-Жол айылындагы көчөгө жарыктандыруу коюу, Г.С.Титов орто мектебине окуучулар үчүн келген продуктыларды сактоочу жай куруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Дөң-Булак-2 айылындагы жаңы бүткөрүлгөн “Жыргалай” балдар бакчасына балдар үчүн эмеректерди сатып алуу үчүнбилим берүү бөлүмүнүн 3112 беренесинен 146,2 миң сом үнөмдөлгөн акча каражатынан каралып, аткарууга алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бөксө-Жол айылындагы көчөгө жарыктандыруу коюу үчүн билим берүү бөлүмүнүн 3111 беренесинен 49,2 миң сом үнөмдөлгөн акча каражатынан каралып, аткарууга алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Г.С.Титоа орто мектебине окуучуларга келген продуктыларды сактоочу жай курууга пескоблок алып берүү үчүн билим берүү бөлүмүнүн 3111 беренесинен 20,0 миң сом үнөмдөлгөн акча каражатынан каралып, аткарууга алынсын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кенештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын
Төрага | П.А.Эсеналиев |