Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XX - сессиясы
2018-жылдын 29-августу № 73
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал участкасындагы жер аянтынын ээси Сулайманова Жумагулдун “соода-сатык” үчүн берилген жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүү боюнча жазган арызын кароо жөнүндө
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал участкасындагы жер аянтынын ээси Сулайманова Жумагулдун “соода-сатык”дүкөнү үчүн алган жер тилкесин пайдалануу багытын өзгөртүп, Чайкана жана ашкана куруу боюнча Кыргыз Республикасынын жер кодексинин 2013-жылдын 15-июлундагы № 145 токтомунун 3 главасынын негизинде Сулайманова Жумагулдун жазган арызын жана элдердин муктаждыгын канаттандыруу, айыл өкмөтүнүн бюджетин көбөйтүү максатында Дөң-Булак айыл өкмөтү
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн Бахмал участкасындагы Сулайманова Жумагулдун № Ч 065533 Гос Актысын негизинде 572 кв метр менчиги болгон жер тилкесине Чайкана жана ашкана ачуу үчүн пайдалануу багытын өзгөртүү жагы бекитилип берилсин.
2. Жер аянтын Гос Актысын негизинде тактап, керектүү иш кагаздарын мыйзам негизинде мамлекеттик каттоодон өткөрүү жагы Өзгөн райондук “Мамкаттоо” башкармалыгына сунуш кылынсын.
3. Ажыратылган жер аянтына шаар түйүнүнүн планын даярдоо жагы Өзгөн райондук архитектура жана курулуш башкармасына сунуш кылынсын.
4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |