Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXI - сессиясы
2018-жылдын 31-октябры № 74
Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы дыйкан чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнө мүлк катары берилген сарайды жана сарайдын алдындагы 0,60 га жер аянтын айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2011-жылдын 23-сентябрындагы №571 токтомуна ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы “Нур”, “Нармат” жана “Абдрахманов Токтали” дыйкан чарба кооперативдериннин мүчөлөрүнө мүлк катары берилген сарайды жана сарайдын алдындагы 0,60 га жер аянтын Төөлөс айылына балдар бакчасын жана кичи спорт аянтчасын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүпберүүжөнүндөгү арызын карап жана талкуулап, Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнө караштуу Төөлөс айылындагы дыйкан чарба кооперативдеринин мүчөлөрүнө мүлк катары берилген сарайды жана сарайдын алдындагы 0,60 га жер аянты Төөлөс айылына балдар бакчасын жана кичи спорт аянтчасын куруу үчүн айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигине өткөрүп алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына жер аянтынын мыйзамдуу жагын карап, тиешелүү ишканалардан корутунду, аныктамаларды алып, жер аянтын бектип берүү жагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |