Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXI - сессиясы
2018-жылдын 31-октябры № 75
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Афган согушунун ардагерлеринин арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Афган согушунун ардагерлеринин кайра бөлүштүрүү фондусунан алган 5,0 га жер аянтынын аренда акысын азайтып берүү жөнүндөгү жазган арызын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Афган согушунун ардагерлеринин кайра бөлүштүрүү фондусунан берилген 5,0 га жер аянтынын аренда акысын 50% ке азайтып берүү жагы сунушталсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына кайра бөлүштүрүү фондусунан берилген 5,0 га жер аянтынын аренда акысы 50% жеңилдетилген баада берүүжагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |