Загрузка документа…
ДӨҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VI-шайланган депутаттарынын кезексиз XXI - сессиясы
2018-жылдын 31-октябры № 76
Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал айылынын тургуну Карашева Гулжан Ташбаевнанын арызын кароо жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн “Жергиликтүү өз алдынча башкаруунун негиздери жөнүндө” Мыйзамына ылайык, Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн аймагындагы Бахмал айылынын тургуну Карашева Гулжан Ташбаевнанын үйү өрттөнүп кеткендиктен жардам берүү жөнүндөгү жазган арызын канааттандыруу максатында Дөң-Булак айылдык кенеши
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн социалдык бөлүмүнүн элге жеңилдик берүү эсебинен убактылуу жашап турууга үй тургузуу үчүн Бахмал айылынын тургуну Карашева Гулжан Ташбаевнага 20 000 (жыйырма миң) сом акча каражаты бөлүнүп, аткарууга алынсын.
2. Дөң-Булак айыл өкмөтүнүн башчысына кайра бөлүштүрүү фондусунан берилген 5,0 га жер аянтынын аренда акысы 50% жеңилдетилген баада берүүжагы жүктөлсүн.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин бюджет, финансы, салык маселелери боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | П.А.Эсеналиев |