Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 1
Дем берүүчү грантка “долбоорду тандоо” жана өздүк салымды кошуу жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын он сегизинчи сессиясы, дем берүүчү грантка долбоор тандоо жана өздүк салымды кошуу боюнча маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Дем берүүчү грантка Миң-Булак айылындагы “Баластан” балдар бакчасына 50 орундуу кошумча имарат куруу боюнча долбоор жактырылып бекитилсин.
2. Жалпы сметалык баасынын 25% өлчөмүндөгү өздүк салым айыл өкмөтүнүн 2019-жылдагы бюджетинен бөлүнүп берилсин.
3. Керектүү иш кагаздары даярдалып Бакай-Ата райондук мамлекеттик администрациясына жөнөтүлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А. Акматовага милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Койчубаев |