Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 3
2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруу жөнүндө
Миң-Булак айыл өкмөтүнүн чыгаша бөлүгүндө каралган акча каражатын бөлүмдөн бөлүмгө, статьядан статьяга жылдыруу жөнүндөгү маселени карап чыгып , талкуулап депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын он сегизинчи сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айыл өкмөттүн каржы-экономика бөлүмүнүн башчысы С.Токторалиеванын аталган маселе боюнча билдирүүсү эске алынсын.
2. 2018-жылдын бюджетинин чыгаша бөлүгүнүн ТЖК бөлүмүнүн 2215( ар кандай чыгымдар) статьясынан 30000 сом акча каражаты төмөндөгү бөлүмдөргө жылдырылып берилсин.
-Айыл өкмөтүнө караштуу маданият бөлүмүнүн 2215 (ар кандай чыгымдар) статьясына Ч.Айтматовдун 90 жылдыгына карата иш-чара өткөзүү үчүн 20000 сом.
Анын ичинен:
-Айыл өкмөтүнө караштуу балдар бакчасына кошумча корпус курууда архитектурага 10000 сом .
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык акмактык кеңешинин бюджеттик комиссиясына тапшырылсын.
Төрага | Т.Койчубаев |