Загрузка документа…
МИҢ-БУЛАК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 23-октябры № 5
Долбоорлорду тандоо жөнүндө
Депутаттардын Миң-Булак айылдык аймактык кеңешинин VII чакырылышынын он сегизинчи сессиясы, АРИСтин АИД-3 долбооруна долбоор тандоо жөнүндөгү маселени карап чыгып, талкуулап
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Төмөндөгү эки долбоор жактырылсын:
-Жер-жемиштерди кайра иштетүүчү цех ачуу үчүн эски канторанын имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү жөнүндө ири долбоор;
-Маданият үйүнүн ичинде жаштар борборун ачуу жана жабдыктар менен камсыздоо жөнүндө чакан долбоор.
2. Тиешелүү иш кагаздары даярдалып АРИСтин АИД-3 долбооруна сунушталсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл өкмөтүнүн башчысынын убактылуу милдетин аткаруучу А.Акматовага милдеттендирилсин.
Төрага | Т.Койчубаев |