Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
2018-жылдын 14-августу № 1
“Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы айрым жерлердин багытын өзгөртүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы,Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировдун кайрылуусун угуп, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы көчкү коркунучунда жашап жаткан жарандарды коопсуз жайга көчүрүүгө жана турак жай куруу үчүн № 801-контурдан 19 га, № 791-контурдан 6 га, жалпысы 25 га жер аянттарын багыты өзгөртүлсүн.
2. 25 га жер аянтынын багытын өгөртүү боюнча иш кагаздарын даярдап,жогорку органдарга сунуштоо жагы айыл өкмөт башчы Д.Бакировго жүктөлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл чарба боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |