Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 14-августу № 5
“Билайн антеннасынын ижара акысы жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы,Курманбек айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировдун 2018-жылдын 6 айдагы аткарган иши боюнча маалыматын угуп, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоон-Күнгөй айылындагы Билайн антеннасы курулган жер аянтынын ижарага берилиши мыйзам чегинде каралып, такталсын.
2. Жер участогу мыйзам чегинде такталгандан кийин айыл өкмөтүнүн балансына өткөрүлүп берилсин жана ушу мезгилге чейинки ижара акылары айыл өкмөтүнө төгүлсүн.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөөнү айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировго жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |