Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 14-августу № 7
“Участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрүн бекитүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы,Капашева Ж. билдирүүсүн угуп талкуулап, “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде Курманбек айыл өкмөтүнүн участкалык шайлоо комиссия мүчөлөрүн бекитүү үчүн төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айыл өкмөтүнүн аймагындагы участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү алымча-кошумчасы менен бекитилсин.
2. Түзүлгөн участкалык шайлоо комиссияларынын мүчөлөрү “Кыргыз Республикасынын шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча шайлоо комиссиялары” жөнүндөгү Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын негизинде иш алып барышсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагын айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы Ж.Капашевага жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |