Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 14-августу № 10
“Улуттук көк бөрү оюну үчүн жер ажыратып берүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, айыл өкмөтүнүн башчысы Д.Бакировдун билдирүусүн угуп, талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Курманбек айылдык кеңешинин VI чакырылышынын кезексиз XXIII сессиясындагы Жоон-Күнгөй айылынан берилген ат майдан жөнүндөгү токтому жокко чыгарылсын.
2. Жоон-Күнгөй айылынын 718-контурундагы бош жаткан 2 га жер аянты улуттук көк бөрү оюну үчүн ажыратылып берилсин.
3. Жер аянттын өлчөп, ажыратып берүү жагы жер адиске жүктөлсүн.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айыл чарба боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |