Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы
2018-жылдын 14-августу № 11
“Тажрыйба алмашуу иш чарасы жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңештин VII чакырылышынын кезектеги XII сессиясы, Ысык-Көл областындагы пилоттук деп тандалып алынган айыл өкмөттөр арасында тажрыйба алмашуу үчүн Курманбек айылдык кеңешинин депутаттарына окуу-семинарга баруу боюнча айылдык кеңештин депутаттары талкуулап төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Ысык-Көл областындагы пилоттук деп тандалып алынган айыл өкмөттөр арасында тажрыйба алмашуу үчүн иш пландын негизинде Курманбек айылдык кеңешинин депутаттарына тажрыйба алмашуу иш чарасына жөнөтүлсүн .
2. Ысык-Көл областындагы Жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын ишмердүүлүгү Курманбек айыл өкмөтүнө жайылтылсын.
3. Тажрыйба алмашуу иш чарасы үчүн Ысык-Көл облусуна барган сапар чыгымдары Курманбек айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен төлөнүп берилсин.
4. Акча каражатын төлөп берүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы мыйзамдуулук боюнча туруктуу комиссияга жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |