Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 2
“Курманбек айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджеттик чыгымдарына өзгөртүү киргизүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кеңешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, айыл өкмөтүнүн финансы-экономика бөлүмүнүн башчысы Э.Эрматованын сунушун угуп, талкуулап, Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 115-беренесинин негизинде 2018-жылдын 9 айына бюджеттин аткаруусунун жүрүшүндө алынган чыгашаларды үнөмдөөдөн келип чыккан каражаттарды кайра бөлүштүрүү максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ
1. Айыл өкмөтүнүн 2018-жылга бекитилген бюджетинин
Көчмөндөр оюнуна каралган 50 миң сом,
К.Осмоналиев мектебине курулуш материалдарын сатып алуу үчүн бөлүнгөн 95,0 миң сом,
Калмак-Кырчын айылындагы бала бакчанын курулушуна проектик-сметалык документтерди жасатуу үчүн каралган 50,0 миң сом,
Көмүр жана отун алуудан үнөмдөлгөн 31,0 миң сом,
“Кызгалдак” балдар бакчасына конфорка сатып алуудан үнөмдөлгөн 11,2 миң сом,
Кара-Чолок айылына электр мамычаларын сатып алуу үчүн бөлүнгөн 70,0 миң сом,
Айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчигиндеги трактордун ижара акысы үчүн төгүлгөн 29,6 миң сом атайын каражат,
1С программасынын коштоосу үчүн бөлүнгөн 30,0 миң сом,
Жоон-Күнгөй айылындагы Т. Кочкоров атындагы орто мектебинин курулуш материалдарын сатуудан түшкөн 70,0 миң сом акча каражаттары айыл өкмөтүнүн муктаждыктарына ылайык төмөндөгү чыгымдарга жумшоосу белгиленсин:
Айыл өкмөтүнүн кире беришиндеги стелланын курулушуна 62,0 миң сом,
Айыл өкмөтүнүн имаратына резервуар куруу үчүн 56,8 миң сом,
Калмак-Кырчын айылындагы О.Тажибаев атындагы мектептин жылытуу системасына жана монтаж иштери үчүн 50,0 миң сом,
Жоон-Күнгөй айылындагы Т.Кочкоров, Канжыга айылындагы П.Ташматов мектептерине отун, көмүр сатып алуу үчүн 268,0 миң сом акча каражаты бөлүнсүн.
2. Таран-Базар айылындагы “Кызгалдак” балдар бакчасынын 2222-статьясынан үнөмдөлгөн 55,4 миң сом акча каражаты аты аталган бала бакчага эмерек сатып алууга бөлүнсүн.
3. 2018-жылдын бюджетинин бекитилген чыгымдарына бюджеттик классификацияга ылайык өзгөртүү киргизүү жагы ФЭБ башчысына жүктөлсүн жана планга тактоо киргизүү жагы КР финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгынан суралсын.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет комитетинин төрагасы Т.Биримкуловко жана айыл өкмөт башчысы Д.Бакировко жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |