Загрузка документа…
КУРМАНБЕК АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы
2018-жылдын 29-октябры № 3
“ Жер салыгын базалык ставкасын көтөрүү жөнүндө”
Курманбек айылдык кенешинин VII чакырылышынын кезектеги XIII сессиясы, айыл өкмөт башчысы Д.Бакировдун сунушун угуп талкуулап, Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын базалык ставкасын көбөйтүү максатында төмөндөгүдөй
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын салык кодексинин 337-беренесинин 6-пунктуна ылайык, айыл чарба багытындагы жерлердин жер салыгынын базалык ставкасы 2019-жылдын 1-январынан тартып 41 сом 30 тыйындан 82 сом 60 тыйынга, ал эми чөп орок үчүн жер салыгынын базалык ставкасы 30 сом 90 тыйындан 61 сом 80 тыйынга көтөрүлсүн.
2. Жогорудагынын негизинде бюджеттин киреше бөлүгүнө өзгөртүү киргизүү жагы ФЭБ башчысы менен салык бөлүмүнө милдеттендирилсин.
3. 2019-жылдын бюджетинин киреше бөлүгүнө киргизилген өзгөртүүлөр Кыргыз Республикасынын финансы Министрлигинин Сузак башкармалыгына жеткирилсин.
4. Токтомдун аткарылыш көзөмөлдөө жагы бюджет боюнча туруктуу комиссиясы менен айыл өкмөт башчысы Д.Бакировго жүктөлсүн.
Төрага | Ч.Тайгараев |